super.kg logo

"Альянс Алтын" Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Жеңиш күнү менен куттуктап, аларга 300 миң сом бөлдү

 

Бүгүн, 8-майда Талас облусунда Жер-Үй алтын кенин иштетүүчү "Альянс Алтын" компаниясынын өкүлдөрү "Бакубат Талас" фонду менен биргеликте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Жеңиш күнү менен куттукташты.

"Альянс Алтын" компаниясы согуштун ардагерлерине жеңиш үчүн ыраазычылык билдирип, аларга акчалай каражат тапшырды. Ардагерлерибиздин эрдигинин аркасында биз согушта жеңишке жетип, 75 жылдан ашуун убакыттан бери бейпил жашоодо жашап келе жатабыз.

Жыл өткөн сайын ардагерлерибиздин саны азайууда. Тилекке каршы, Талас облусунда беш гана согуш ардагери калды, былтыр алардын саны 12 эле. Жеңиш күнүнүн урматына "Альянс Алтын" Талас облусунда бир катар иш-чараларды өткөрдү. Тактап айтканда, 10-11-класстын окуучулары арасында 9-Май Улуу жеңиштин урматына сынак өткөрүлдү.

"Бакубат Талас" фондунун жетекчиси Батырбек Качкынбаев Жеңиш күнүнө арналган сынактын жеңүүчүлөрүнө баалуу сыйлыктарды тапшырды.

Сынактын жеңүүчүлөрү ноутбук, планшет жана башка баалуу белектерди утуп алышты.

Салтанатка мектеп окуучуларынын ата-энелери катышып, балдарга өнүгүү үчүн стимул бергендиги үчүн, ошондой эле балдарды колдогондугу үчүн компанияга ыраазычылык билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

"Альянс Алтын" компаниясы жыл сайын Жеңиш күнүнө карата иш-чараларды өткөрүп келет.


кошулду





"Альянс Алтын" Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Жеңиш күнү менен куттуктады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: