super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 158 миллиондон ашты

 

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 157 миллион 263 миң 259 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 93 миллион 312 миң 421 бейтап айыгып чыкса, 3 миллион 278 миң 629 адам илдеттен каза болду. Статистикалык маалымат бүгүн, 9-майга карата алынды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 32 миллион 685 миң 664 болду. 581 миң 511 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 21 миллион 892 миң 676 адамдан аныкталды. 238 миң 270 адам каза болсо, 17 миллион 930 миң 960 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 15 миллион 145 миң 879 адам вируска кабылган. 421 миң 316 бейтап көз жумса, 13 миллион 422 миң 47 бейтап оорудан сакайды. Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: