Кара-Сууда 20 турак үйдүн, 1 мектептин, 1 бала бакчанын короолорун жана 6 турак үйдүн ичин суу каптады




Кара-Суу районунда 20 турак үйдүн, 1 мектептин, 1 бала бакчанын короолорун жана 6 турак үйдүн ичин суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-май күнү Мады жана Катта-Талдык аймактарында катуу жааган жаандын кесепетинен Баш-Булак айылында сел жүрүп болжол менен 20 турак үйдүн, 1 мектептин, 1 бала бакчанын короолорун жана 6 турак үйдүн ичин каптады. Ошондой эле Кыргызчек айылында сел суулары жүрүп турак үйлөрдү каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ага 13 куткаруучу тартылып, бүгүн аба ырайы турукташканга байланыштуу тактоо жана тазалоо иш-чаралары башталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.