Жантөрө Сатыбалдиев Иран Республикасынын Биринчи вице-президенти Мохаммад-Реза Рахим менен жолугушту
Бүгүн Жантөрө Сатыбалдиев Иран Республикасынын Биринчи вице-президенти Мохаммад-Реза Рахим менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. Жолугушуу ШКУнун өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында өттү. Эки тарап өлкө аралык соода-экономика, маданият, илим-техника жаатында кызматташуу тууралуу сүйлөшүштү. Ошондой эле Жантөрө Сатыбалдиев Иран өлкөсүнө Ош шаарында спорт-комплексин курууга 1 миллион доллар грант бөлүп бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















