super.kg logo

Баткен: Эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө жөнөтүлдү (сүрөт)

 

Облустагы кырдаалга байланыштуу түзүлгөн облустук штабдын чечимине ылайык, Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуулардан улам коопсуз жайга чыгарылган тургундар үчүн атайын транспорттор уюштурулуп үйлөрүнө жөнөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.

Анда Баткен шаарында 9 пунктта жайгашып турган Баткен районунун тургундары менен өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жолугуп, чек ара аймактарында күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп, жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча бардык чаралар көрүлүп жатканын, турак жайсыз калган үй-бүлөлөргө убактылуу үйлөр курулуп даярдалганын билдирген.

Учурда аймакта калыбына келтирүү жумуштары башталган, биринчи кезекте жарандарды турак жай менен камсыздоо аракеттери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, 28-29-апрелде болгон чек арадагы окуядан, облуста акыркы такталган маалыматтар боюнча 40 649 адам көчүрүлгөн болсо, анын 16147 аялдар, 23931 балдар.
Ал эми Баткен району боюнча 14361 жаран, Лейлек району боюнча 26288 адам эвакуацияланган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: