super.kg logo

Бишкекте коронавирус илдетинен 930 адам стационарларда дарыланууда

 

Бишкек шаарында коронавирус илдетин дарылоо боюнча 9 стационар иштеп жатат. Бул тууралуу брифинг учурунда шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Бакытбүбү Шамырканова билдирди.

"Эмдөө бул инфекциянын жайылышын алдын алуучу эң натыйжалуу ыкма болуп саналат. Бишкек шаарында эмдөө башталгандан бери 11 миң 712 адам эмдөөдөн өттү. Анын ичинен 481 жаран экинчи жолку эмдөө алды. 11 миң 712 адамдын ичинен 1 миң 789 жаран медицина кызматкерлери. 394 жаран борбор калаанын мектептеринин мугалимдери. 65 жаштан жогору курактагы жарандардын саны 4 миң 63 адам. 179 күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, андан сырткары 4 миң 856 жаран эмдөөдөн өттү.

Андан тышкары Бишкек шаарында коронавирус жана пневмония менен ооруп калгандарды дарылоо үчүн 1 миң 68 орундуу 9 стационар иштеп жатат. Бүгүнкү күнгө карата стационарларыбызда 930 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 612 бейтап орточо оор абалда, 253 жаран оор абалда. Ооруканаларыбызда 138 бош орун бар", - деп билдирди Шамырканова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: