super.kg logo

Рахмон Путин менен сүйлөшүүдө Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжал маселесин көтөрдү

 

8-майда Москвада Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Тажикстан президентинин расмий сайтында маалымдалгандай, Рахмон сүйлөшүүдө Кыргыз-Тажик чек арасындагы бардык көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен чечүүгө байланыштуу Тажикстан өкмөтүнүн бекем позициясын баса белгилеген.

Орусиянын президентинин расмий сайтында Владимир Путин менен Эмомали Рахмондун жолугушуусу жөнүндө жарыяланганда Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы жаңжал жөнүндө айтылган эмес. Андагы маалыматка ылайык, Орусия Тажикстандагы орусиялык аскер базасын жана тажик куралдуу күчтөрүн чыңдоо үчүн иштеп жатат.

28-30-апрель күндөрү Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасында куралдуу жаңжал болуп, анын натыйжасында расмий маалыматтарга ылайык, Кыргыз Республикасынын 189 жараны жаракат алып, 36 жаран каза болгон. Тажик бийлиги расмий түрдө 19 каза болгонун жана 87 жаракат алганын жарыялады.

Чыр-чатактын натыйжасында Баткен районунун айылдарында 78 үй, 2 мектеп, фельдшердик акушердик пункт, 3 чек ара заставасы, бала бакча, 10 май куюучу жай, ички иштер бөлүмүнүн имараты жана 8 дүкөн күйүп кетти. Тажик бийлиги 3-майда Исфаранын үч жамаатындагы 14 үй толугу менен, эки үй жарым-жартылай, ошондой эле Овчи Калача айылындагы орто мектеп жана бир турак үй жарым-жартылай талкаланган деп жарыялады.

Эки өлкө тең бири-бирин айыптап, Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын көзөмөл органдары оор беренелер боюнча кылмыш ишин козгошту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
10.05.2021. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эшшектер экен тажиктер, өтө жаман калк экен. Акмактын акмактары макулуктар десе силердиби шашпагыла, кыргыз бийлигинин күчү жетпесе Аллах өзү жазаңарды берет.
10.05.2021. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Milduri,эмнеге кыргыздын кучу жетпейт экен ташиевтин аткыла деген бир ооз созу керек душанбеге чейин бастырып барабыз бул капырларды
10.05.2021. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Milduri,Күнөө элде эмес Эмомали Рахмондо болуп жатат, бундан элида жадаган
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: