super.kg logo

Бажы жана коммерциялык банк кызматкерлеринин кылмыштуу аракетинен улам ишкер 40 миллион сомдук зыян тарткан

 

Бажы жана коммерциялык банк кызматкерлеринин кылмыштуу аракеттеринен улам ишкер 40 миллион сомдук зыян тарткан. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, "М" жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун кайрылуусу боюнча Башкы прокуратура тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы менен Мамлекеттик бажы кызматынын жана коммерциялык банктардын биринин кызматкерлери тарабынан жасалган мыйзамсыз аракеттер аныкталган.

"Такталгандай, 2018-жылы “М” жоопкерчилиги чектелген коому банк аркылуу 40 миллион сомду “Ташылуучу бажы төлөмдөрү” катары Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын эсебине которгон. Бирок коммерциялык банктын кызматкерлери белгисиз себептерден улам көрсөтүлгөн сумманы башка эсепке "Ташылуучу товарларга кошумча нарк салыгы" катары которуп жиберип, “М” ЖЧКсына жасалма төлөм тапшырмасын беришкен.

Андан кийин 2018-жылы аталган ЖЧК тарабынан товарлар бажы аркылуу жасалма төлөм тапшырмасы менен ташылып, документтерди көзөмөлдөөгө жооптуу бажы кызматкерлери тиешелүү ченемдик-укуктук актылардын талаптарын одоно бузушуп, аларды каттоодо товарлар боюнча декларацияларды текшеришкен эмес.

Мындан тышкары, бажы кызматкерлери мыйзам талаптарын бузушуп, 3 жыл бою бажы төлөмдөрүн чегерүү, которуу жана кайтаруу боюнча милдеттерин аткарбай, “М” ЖЧКсы менен бажы органынын ортосунда ай сайын текшерүүнү жүргүзбөй келишкен. Ошол эле учурда бажы органы 2021-жылдын март айында, "М" ЖЧКсына карата негизсиз туум чегерип, натыйжада ишкердик субъектинин мыйзам менен корголгон укуктары бузулган", - деп жазылат маалыматта.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 320-беренеси "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", 233-беренеси "коммерциялык же башка уюмдардын ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу" жана 359-беренеси "документтерди жасалмалоо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: