Кыргыз балбандары Казакстанда өткөн эл аралык турнирде 3 медаль жеңишти
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын жаштар курама командасынын мүчөлөрү 7-9-май күндөрү Нур-Султан шаарында өткөн Жаксылык Ушкемпировдун элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште 3 медаль жеңишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча малекеттик агенттиктен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 82 килограммга чейинки салмак категориясында Орункул уулу Бекзат 1-орунду ээледи. Ал эми Аркыт Орозбеков (97 кг) жана Давран Садыков (130 кг) күмүш медаль тагынышкан.
Мелдешке Казакстан, Орусия, Грузия, Украина, Тажикстан, Кыргыз өлкөсү жана Өзбекстандан жалпы 250дөн ашык балбан катышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.