Бишкектик “Дордой” клубунун машыктыруучусунун милдетин аткаруучу болуп Анарбек Ормомбеков дайындалды

Бишкектик “Дордой” клубун 6 жылдан бери машыктырып келген орусиялык адис Сергей Дворянков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу 21-октябрь күнү КРнын Футбол федерациясы билдирди. Учурда “Дордойдун” башкы машыктыруучусунун милдетин аткаруучу болуп Анарбек Ормомбеков дайындалды. Анарбек Ормомбеков буга чейин “Дордойдун” экинчи курамын машыктырып келген. Айта кетсек, буга чейин канттык “Абдыш-Ата” клубунда да машыктыруучу алмаштырылган болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.