super.kg logo

Өзгөндө түндө аялды өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу 3 жылга эркинен ажыратылды

 

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда түн ичинде унаасы менен 44 жаштагы аялды өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочуга карата сот өкүм чыгарды. Өкүм Жогорку Соттун расмий сайтына жарыяланды.

Окуянын чоо-жайы:

Окуя 2021-­жылдын 27-­январь түнү саат 23:35тер чамасында болгон. Анда Өзгөн шаарынын мэриясынын имаратынын алдында айдоочу өзүнө таандык Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаасы менен күн чыгыштан күн батышты карай бара жатып, жөө бара жаткан аялды тебелеп кеткен. Айдоочу жаракат алган аялга жардам берүүнүн ордуна аны алсыз абалда калтырып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Натыйжада жабырлануучу окуя болгон жерде алган жаракатынан улам каза болгон. Жабырлануучу 1977-­жылы аталган райондун Жалпак­-Таш айылында туулган, убактылуу Лесхоз айылында жашап жүргөнү белгилүү болгон.

Ал эми айыпталуучу 1984-жылы Өзгөн районунун Мырза­-Аке айылында туулган. Кыргыз жараны, билими орто, бойдок, убактылуу эч жерде иштебейт, мурда соттолгон эмес.

Соттук отурумда айыпталуучу күнөөсүн толугу менен моюнуна алган

"Мен 27-январдан 28-январга караган түнү саат 23:35тер чамасында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаам менен Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүнөн болжол менен 30 километр саат ылдамдыкта башкарып бара жатсам, алдымдан 2­3 метр алыстыкта жаныбар көмкөрөсү менен жаткандай көрүндү. Унаамдын тормозун басып, алдыңкы тарабы менен сүрүп барып, тебелеп өтүп кетип эле унааны токтоттум. Эшигин ачып эмнени тебелеп кеттим экен деп карасам бир адам жатыптыр, коркуп унааны шаардын "Пазилат” соода борбору тарапка буруп, ал жерде бир аз отуруп үйгө кетип калгам. Бүгүнкү күндө кылган ишиме өкүнүп жатам, жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнөн кечирим сурайм", - деген ал өз көрсөтмөсүндө.

Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү төмөнкүлөрдү билдирген:

"Маркум менин эжем болот, 2021­-жылдын 30­-январь күнү Лесхоз айылындагы үйүмдө отурсам, аймактык милиция кызматкери келип тууганыңызды унаа тебелеп кетиптир, ал Өзгөн аймактык ооруканасынын өлүкканасында жатат, барып көрүңүз деп айтты. Чынында эле эжемди унаа сүзүп кеткен, бирок айыпкерге карата эч кандай доом жок ал чыгымдардын баарын көтөрүп берди", - деп билдирген ал.

Өкүм:

Сот айыпталуучунун, жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн көрсөтмөлөрүн угуп, иш материалдарын изилдеп, аларга жалпысынан ар тараптан укуктук баа берет. Айыпталуучу күнөөлүү деп табылсын жана 3 жылга эркиндигинен ажыратылсын.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
10.05.2021. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жөө жүргүнчүлөргө да жол эрежесин туура колдонууга чакырыш керек.
Азыр эреже бузбай айдап кетип жатсаң да, жолдун ортосунан кесип өтүп жаткан жөө жүргүнчүнү сүзүп алсаң айдоочу күнөөлүү болот. Бул эреже туура эмес башынан.
10.05.2021. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жөө жүргүнчү эреже сактабаса да айдоочу күнөөлүү боло берет.
10.05.2021. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зебрага шашып чуркап чыккандарга да кату эскертүү берилсе жакшы болмок, а то 50дө кетип баратып да араң токтоп үлгүрөсүң
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: