super.kg logo
  Спорт  

Ла Лига: "Семиз, чуркап ойно". Мурдагы командалаштар Луис Суарес менен Жерар Пике оюн учурунда айтыша кетти

 

Футбол боюнча Испания чемпиондугунун (Ла Лига) 35-турдук оюнундагы каталондук "Барселона" клубу менен "Атлетико Мадрид" командасынын ортосундагы беттеште Луис Суарес менен Жерар Пике айтыша кетти. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Андагы эпизоддо Суарес "Барселонанын" дарбазачысы Тер Стеген менен кагылышып, жыгылгандан кийин пенальти талап кылган. Ага Тер Стеген "Мен колум менен ойнодум, эгер бутум тийип жыгылганыңда айтсаң болмок" деген.

Ал ортодо ортого коргоочу Жерар Пике аралашкан. Ал Суареске "Эй семиз, бардыгы жайында. Чуркап ойно" деп айткан.

Оюн Барселона шаарындагы "Камп Ноу" стадионунда өтүп, 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.

Луис Суарес "Атлетико Мадрид" клубуна "Барселонадан" былтыр сентябрь айында өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.05.2021. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жерар Пике кайинисине катуу суйлосо боло берет да.Кайиниси болобу негизи?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: