super.kg logo

Бишкекте 206 чет өлкөлүк унаа жол эрежесин бузганы аныкталды

 

Бишкекте бир апта ичинде 206 жол эрежелерин бузган чет өлкөлүк номерлүү унаалар аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 1-майдан 7-майга чейинки аралыкта каттоо нөөмөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номерлүү 206 унаа аныкталды.

"Алардын ичинен 162 - Орусияныкы, 10 - Арменияныкы , 4 - Грузияныкы, 7- Абхазияныкы , 1- Азербайжандыкы 12 башка чет өлкөлүк номерлүү унаалар. Жогорудагы унаалардын бардыгына бузуулар кодексинин беренелеринин негизинде тиешелүү протоколдор толтурулду. Анын ичинен 8 чет өлкөлүк унаалар ар кандай багытта жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: