Сокулук районунда мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн "Аракет" окуу борбору ачылды
Чүй облусунун Сокулук районунда “Мүмкүнчүлүгү чектелген жаштардын союзу” коомдук бирикмесинин демилгеси менен “Аракет” окуу борборунун ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу бизге КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады. Салтанаттуу ачылышка КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинен, ЖКдан, Сокулук райондук акимчилигинен жана бейөкмөт уюмдардан өкүлдөр катышты. Аталган борбордо мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар эмерек жасап, жумуш орундары менен камсыз болушат. КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлиги өз кезегинде четте калбай, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге баалуу белектерди тапшырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

