Адвокаттар Бишкек шаардык сотунан Нариман Түлеевдин иши боюнча биринчи инстанциядагы өкүмдүн видеосун көрүүнү суранышууда
Бишкек шаардык сотуна Нариман Түлеевдин иши боюнча адвокаттар биринчи инстанциядагы өкүмдүн видеосун көрүү боюнча кайрылышты. Мындай билдирүүнү жактоочу Данияр Турдумамбетов билдирди. Анын айтуусу боюнча 29-июлдагы Ленин районунун залындагы өкүм менен ишке киргизилген өкүм эки башка. Айыпталуучулар жана алардын тарапташтары күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү өзгөртүлгөнүн айтышууда. "Протоколдун 50 пайызы түшүнүксүз жазылган, адвокаттардын колуна да кечиктирилип берилди",- деди адвокаттардын бири Нина Зотова. Мамлекеттик айыптоочу суранууну четке кагууну айтып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

