super.kg logo

Жалал-Абадда 20 ата-эне балдары менен тилемчилик кылары аныкталды

 

Бүгүн, 11-майда Жалал-Абад шаарынын аймагында лөлү тектүүлөргө “Кайырчы" аталышындагы рейд жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, шаардык мэриясы жана социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлүп жаткан рейд таң эртеден башталган.

"Шаар тургундарына ыңгайсыздыктарды жаратып, коомдук жайларда тилемчилик кылгандардын алдын алуу максатында лөлү тектүү жарандар убактылуу жашаган жерлеринен ШИИБге жеткирилген. Алардын аты-жөнү такталып, жашаган жерлерине сунуштар жөнөтүлдү. Жалпысынан 20 ата-эне колунда балдары менен тилемчилик кылары аныкталды. Алардын ичинен 5 жаран 2 өспүрүм менен Өзбекстандан келгени белгилүү болду. Учурда тиешелүү чаралар көрүлүүдө", - деп билдиришти облустук милициядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: