super.kg logo
  Саясат  

Назаралиев Майк Тойсонду ичкиликти таштатуу максатында Кыргызстанга чакырган

 

Август айында америкалык басма сөз каражаттарынын бириндеги  жаңылыкта бокс боюнча мурдагы дүйнө чемпиону Майк Тайсондун ичкиликке берилип кеткени жазылган. Бул маалыматтан кабар алган профессор Жеңишбек Назаралиев ошол эле күнү Майк Тайсонго интернет аркылуу кат жолдогон. Катта спортсменди  ичкиликти таштатуу  үчүн Кыргызстанга чакырган. Чакыруу каты Америка Кошмо Штаттарынын боксёрлор таймашын уюштуруучу "Iron Mike Production" компаниясына жеткен. Аталган компания кат жеткендиги тууралуу билдиришкен, бирок жооп келе элек. Жеңишбек Назаралиевдин чакыруу катын бокс боюнча орусиялык дүйнөлүк чемпион Костя Цзю жана кыргызстандык боксёр Алмазбек Раимкуловдор колдошкон. Бул тууралуу "Акыл-эс баңгизаттан тышкары" дүйнөлүк лигасынын басма сөз кызматы маалымдады. 

   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: