super.kg logo

Ала качуу салт эмес - оор кылмыш. Милиция кызматкерлери кыз ала качуу тууралуу ролик тартышты

 

"Ала качуу" же никеге туруу максатында адам уурдоо - бул салт эмес, оор кылмыш. Кыз ала качуу тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы чакан ролик даярдады.

Анда ала качуу учурлары акыркы убакта эки тараптын тең трагедиясы менен аяктап жатканын эскертишет. Ошондой эле милиция кызматкерлери мындай оор кылмышты жасабоого чакырат.

"Жигит жакшы көргөн кызынын эркине каршы ала качуунун ордуна башка жакшы жолдор менен деле жүрөгүн багындырса болот.

Эч качан алар досторун жана тааныштарын оор кылмышка жасоого түртпөшү керек, анткени алар дагы кылмышка катыштыгы бар жаран катары жоопкерчиликке тартылат. Урматтуу тургундар, милиция кызматкерлери мындай кылмыш жасабоого жана оор кылмышка шерик болбоого чакырат", - деп жазылат маалыматта.

Милициядан ала качуу сыяктуу оор кылмыштарга күбө болгон учурда күнү-түнү иштеген "102" кыска номерине чалуу керектигин кошумчалашты.






Октябрь райондук милициясы кыз ала качуу тууралуу ролик тартты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: