super.kg logo

"Ичимдик ичип отуруп уруша кетишкен". Чүйдө 42 жаштагы аялды өлтүргөнгө шектүү жаран кармалды

 

Чүй облусунун Аламүдүн районунда киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-май күнү Аламүдүн райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө Достук айылындагы үйлөрдүн биринде аял кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Окуя болгон жерге тергөө тобу барып, аялдын жансыз денесин кароо учурунда дене жаракаттары байкалып ал киши колдуу каза болгондугу такталган. Териштирүү учурунда каза болгон аял 42 жаштагы тургун экендиги аныкталган.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене "киши өлтүрүү" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 38 жаштагы жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Алдын ала териштирүү учурунда окуя болгон күнү каза болгон аял менен шектүү ичимдик ичип отурушуп, ортодо чыккан пикир-келишпестиктен улам уруша кетишип, шектүү жаран аялды бычак менен сайып жибергени маалым болгон. Учурда бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: