super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда радиостанцияда иштеген журналисттердин айлык маянасы көп

 
Кыргызстанда ММКларда иштеген журналисттердин арасында эң чоң жана орточо айлык радиодо жана интернет-басылмаларында иштеген журналисттерде экен. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда "Журналисттер" коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев маалымат жыйынында билдирди. Белгилей кетсек, "Журналисттер" коомдук бирикмеси 5 ай аралыгында Кыргызстандагы ЖМКлар арасында чакан медиа изилдөө жүргүзгөн. Изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча, радио журналисттер айына 7 миң сомдон көп айлык алышат. Мисалы, Ош шаарындагылар 14 миң сом, Бишкектегилер 10 миң  500 сом. Ал эми  басылмаларда (гезит, журналдар) эмгектенгендердин айлык маянасы 7 миң сомдун тегерегинде. Ош шаарында 6 миң 600 сом болсо, Бишкекте 9 миң сом экени белгилүү болгон. Бишкекте телекөрсөтүү тармагында эмгектенгендер айына орто эсеп менен 13 миң сом алышат. Интернет басылмалардагы кызматкерлер 15 миң 700 сом алышканы менен, аймактарда 3 миң сомго жетпеген айлык алышат. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: