super.kg logo

Сокулукта 7 баш кой уурдаганга шектелген жаран кармалып, азыр анын шериги изделүүдө

 

Чүйдүн Сокулук районунда 7 баш кой уурдаганга шектелген жаран кармалып, азыр анын шериги изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Сокулук РИИБине уурулук фактысы боюнча бир нече жаран арыз менен кайрылышкан. Анда 2020-жылдын 17-22-27-декабрь күндөрү Сокулук районунун Чат-Көл айылынын жашоочуларынын сарайынан 7 баш кой уурдалгандыгы тууралуу билдиришкен. Келтирилген жалпы чыгым 70 миң сомду түзгөн.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Чүй ОИИББинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 39 жаштагы Бишкек шаарынын жашоочусу О.Ы. аттуу жаран кармалган.

Териштирүү учурунда шектүү жарандын дагы бир шериги бар болгону аныкталып, анын аты-жөнүн тактоо боюнча ыкчам тергөө иш амалдары жүргүзүлүүдө.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: