super.kg logo

Караколдо жөө адамды сүзүп, качып кеткен 18 жаштагы айдоочу кыз кармалды

 

Каракол шаарында белгисиз унаа жөө адамды сүзүп окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-май күнү Каракол шаардык милициясына жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 16.00 чамаларында Токтогул жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз ак түстөгү унаа арыз ээсин сүзүп, окуя болгон жерден токтобостон качып кеткенин жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 155-беренеси "транспорт каражаттардын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Натыйжада, ал алган жаракатынан улам Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына кайрылууга мажбур болгон. Жабырлануучу адамга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Издөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан жөө адамды сүзүп качып кеткен айдоочу аныкталган. Ал 18 жаштагы кыз болуп чыкты жана анын айдап жүргөн Windom үлгүсүндөгү унаасы атайын токтотуучу жайга киргизилди", - деп билдиришти облустук милициядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: