super.kg logo

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институтунун жана USAID'дин кызматташтыгы 115 тынымсыз байланыш телефону аркылуу акысыз юридикалык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүдө

 

Бишкек, 21-апрель, 2021-жыл – Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институту жана АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) 115 тынымсыз байланыш кызматы аркылуу жарандардын акысыз юридикалык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча өнөктөштүгү жөнүндө жарыялашты.

Эки жылдык өнөктөштүктүн алкагында USAID'дин «Жигердүү жарандар» долбоорунун жардамы менен Акыйкатчы Институту Бишкекте үч, Ошто эки адис-юристтерди жумушка алат. Бул юристтер 115 тынымсыз байланыш телефону боюнча акысыз юридикалык кеңештерди берет жана институттун бул багыттагы ишин күчөтөт.

«USAID Акыйкатчы Институту менен биргеликте тынымсыз байланыш телефону аркылуу көрсөтүлгөн юридикалык кызматтардын санын жана сапатын жогорулатуу боюнча өнөктөштүгү менен сыймыктанат. 115-ишеним телефонун чыңдоо жана жайылтуу жаатындагы кызматташтыгыбыз Кыргызстандын ар бир жараны юридикалык консультация ала алышы үчүн биргелешкен иш-аракеттерибизде жаңы баракты ачат», – деди USAID'дин Кыргыз Республикасындагы башчысы Алдер Бартлетт айым.

Акыйкатчы Институту жана USAID'дин «Жигердүү жарандар» долбоору биргеликте жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу тынымсыз байланыш телефону жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча иш-чара жүргүзүшөт. Долбоор Акыйкатчы Институтунун кызматкерлеринин, анын ичинде 115 тынымсыз байланыш номеринин операторлорунун кесиптик деңгээлин жогорулатууга көмөктөшөт.

«Биздин мамлекетибиздин аймагында адам укуктарын бекемдөө жана коргоо – Акыйкатчы ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири. Акыйкатчы Институтунун укуктук жардам жана акысыз юридикалык кеңеш берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү республиканын адам укуктарын коргоо боюнча башкы органынын иши, анын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жана натыйжалары жөнүндө, ошондой эле тез байланыш орнотуу жана биздин адистерден жардам сурап алуу жолдору (мисалы үчүн, "Тынымсыз байланыш 115" жана "Акыйкатчы-бот 115" Telegram боту) тууралуу маалыматты натыйжалуу жайылтуусуна чоң салам кошмокчу», – деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов.

Акыйкатчынын 115 тынымсыз байланыш номери кыргызстандыктарга жер талаштары, жарандык укуктар, укуктук статус, үй-бүлө маселелери сыяктуу көптөгөн укуктук маселелер боюнча акысыз телефондук консультацияларды алууга мүмкүнчүлүк берет. 2015-жылы балдардын укуктарын коргоо кызматы катары ачылган бул байланыш номери бүгүн адам укуктарынын бардык маселелери боюнча юридикалык жардам көрсөтө баштады. Жыл сайын бул ишеним телефону өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө жарандардан 8 миңге жакын чалууларды кабыл алат.

Мындай кызматтын ролу COVID-19 пандемиясынын тушунда күчөп кеткен үй-бүлөлүк зомбулук же эмгек мамилелери сыяктуу адам укуктары жаатында пайда болгон көптөгөн көйгөйлөр учурунда өзгөчө мааниге ээ болду.

«Жигердүү жарандар» долбоору АКШнын АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан каржыланып, FHI 360, ACTED жана «Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери» коомдук бирикмесинин тарабынан жүзөгө ашырылууда. Кошумча маалымат алуу үчүн төмөңкү дарекке кайрылыңыз:

Назира Мамбетакунова, USAID'дин «Жигердүү жарандар» долбоору, ACTED, bishkek.FHI-PMcted.org, (+996) 770 701030 Айгерим Арзиматова, Акыйкатчы Институтунун персоналды башкаруу, уюштуруу иштери жана кызматташтык бөлүмүнүн эксперти, (+996) 555 625999.






115 тынымсыз байланыш телефону аркылуу акысыз юридикалык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтилүүдө

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: