Санкт-Петербургда 10 жаштагы кыргыз кызы көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап кетти
Орусиянын Санкт-Петербург аймагындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин бешинчи кабатынан 10 жаштагы кыргыз кызы кулап кетти. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя 11-май күнү түшкө маал болгон.
"Кыз көптөгөн жаракаттар менен оор абалда ооруканага келип түшкөн. Ал баш сөөгүнөн жана башка жерлеринен жаракат алып, жамбаш сөөгү сынып кеткен. Кыздын ата-энеси Санкт-Петербургда каттоосу жок жашап жүргөндүгү белгилүү болгон. Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:21
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.