super.kg logo

"Компьютерде көп отурчу". Казандагы мектепте 9 адамды атып өлтүргөн кылмышкер Ильназ Галявиев жөнүндө таежеси айтып берди

 

Казандагы мектепте ок атууну уюштурган Ильназ Галявиев жөнүндө таежеси айтып берди. Анын айтымында, ал мүнөзү токтоо жана технологияны жакшы билген бала. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 19 жаштагы Ильназ Галявиев Казань мектебиндеги адам өлүмүнө алып келген окуяга чейин жээни ар дайым боорукер жана токтоо бала болгон. Технологияны жакшы билген жана дайыма компьютерде отурчу. Ата-энеси ага гаджеттерди сатып берүүдөн эч каражат аяшчу эмес.

Галявиев үч жыл программист кесибине окуган, анткени ал ушуну каалаган. Ата-энеси уулунун окуудан куулгандыгын билишкен эмес.

Массалык маалымат каражаттарына жарыяланган кадрлардан жээнин тааныган эмес. Ал Ильназ Галявиевдин мындай кадамга баруусуна компьютер же секта таасир этиши мүмкүн деп эсептейт.

19 жаштагы Галявиев Казандагы мектепте ок атууну баштаган. Окуянын кесепетинен тогуз адам, анын ичинде жети мектеп окуучусу каза болду. Ооруканада жаракат алгандар дагы бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: