Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелериндеги оңдоо иштерине тендер жарыялайт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, №15 бала бакчанын жылуулук трассасы жана ысык суу түтүктөрү оңдолуп, №126 бала бакчанын терезелери алмаштырылып, №181 бала бакчанын ички жылуулук тутуму оңдолот.
"№53 мектепте жылуулук системасы, №51 мектепте ички жылуулук тутуму жана санитардык түйүн бөлмөсү, №38 билим берүү мекемесинде санитардык түйүн бөлмөлөрү оңдолуп, инженердик тармактар алмаштырылат. №47, №57 мектептеринде ашкана блокторун оңдоо, №17 мектебинин чатырын калыбына келтирүү, №93 мектебинде санитардык түйүн бөлмөлөрүн оңдоо жана электр жумуштарын жүргүзүү, №73 мектебинде жылуулук трассаларын жана санитардык түйүндөрүн оңдоо каралган. №26 мектебинин канализация тутуму жана чатыры оңдолот", - деп жазылат маалыматта.
Капиталдык оңдоп-түзөөгө каражат шаардын бюджетинде каралган.