super.kg logo

Акылбек Жапаров "Центерра Голддун" президенттик шайлоого таасир эткенин айтты. Буга Алмазбек Атамбаевдин кандай тиешеси бар? (видео)

 

"Центерра Голд" компаниясы өлкөдөгү саясий процесстерге одоно киришкен. Мындай пикирин "Кумтөр" кени боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, канадалык компания өлкөнүн президенттерин шайлоого таасир эткен.

"Биз абдан кызыктуу фактыны байкадык. Бул боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына билдирүү жөнөттүк, жума күнгө чейин жооп келет деп ойлойм.

2011-2012-жылдардагы Центерра тарабынан бөлүнгөн демөөрчүлүк жардамдын каражаттары бюджеттик мыйзамды жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамды бузуу менен казына системасынан сырткары колдонулган. Муну менен эле катар ал каражаттардын сарпталуусу Финансы министрлиги тарабынан жана башка мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлдөнгөн эмес. Ошондуктан Центерранын 10 миллион доллар өлчөмүндөгү спонсордук каражаты 2011-жылдын сентябрь айында Жарандык турак жай департаментинин эсебине которулуп, казына системасынан сырткары колдонулган.

Бул каражаттын эсебинен курула турган курулуш объектилеринин тизмеси президенттик шайлоого чейин, үгүт учурунда ошол кездеги премьер-министр Алмазбек Атамбаев тарабынан бекитилген. Башкача айтканда, Центерра компаниясы өлкөдөгү саясий процесстерге одоно киришип, биздин өлкөнүн президенттерин шайлоого таасир эткен", - деди Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
12.05.2021. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алкаш баарын боктогон экен да
12.05.2021. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бу Акылбек мырза Садыр Жапаров менен кошо турмодон чыгып келгендей суйлойт го я. Ошол маалда эмнеге унчукпаган.
12.05.2021. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
zhaynak, Иштеп атса да коро албайт экенбизда ошол маалды не кыласын отуп кеткен нерсени азыр пайдалуу иш кылса болду да, ошол маалда доступ жок болчу текшергенге Эми бар
13.05.2021. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ал кезде бул киши кын десе эле камалып кетмек, ошого унчукпай жургон. Эми жеген нанын актап иштей баштаптыр байкап туралы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: