super.kg logo

Бишкекте киши колдуу каза болгон апасы менен кызынын сөөгү Балыкчы шаарында жерге берилет

 

Буга чейин Бишкекте апасы менен кызын белгисиз адамдар өлтүрүп кетишкени тууралуу маалымдалган.

SUPER.KG порталы маалыматты тактоо үчүн жерине барганда, алардын туугандары жана кошуналары маалымат берүүдөн баш тартышты.

"Учурда тууганымдын жана кызынын жансыз денелери өлүкканада, медициналык экспертиза дайындалып бүткөн соң Балыкчы шаарына жерге берилет. Биз киши колдуу болгонун гана уктук, башка эч кандай маалыматыбыз жок. Маркум аял менен кызы аталган жерде батирде жашап жатышкан.

Кабарды угаарыбыз менен туш тараптан чогулуп келдик. Ким өлтүргөн, эмнеден улам мындай кырсык болуп кетти эч нерсе билбейбиз. Интернетте спирт ичимдигин ичишкен деп дагы жүрөт, биз бул тууралуу эч нерсе билбейбиз. Бизде эч кандай маалымат жок", - деп билдиришти жакындары.

Ал эми кошуналары каза болгон жарандарды жакындан тааныбагандарын айтышып, эч нерседен кабарлары жок экендигин билдиришти.

Эске салсак бүгүн, 12-май күнү 11:25 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына шаардагы көчөлөрдүн бириндеги турак үйдөн эки аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, эки аялдын киши колдуу каза болгонун аныкташкан. Алар 1958-жылы туулган жана 1990-жылы туулган жарандар болушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: