Ысык-Көл районунун милициясы комада жаткан белгисиз аялдын аты-жөнүн аныктоого жардам сурайт

Ысык-Көл районунун милициясы комада жаткан белгисиз аялдын аты-жөнүн аныктоого жардам сурайт. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Бүгүн, 12-май күнү Ысык-Көл РИИБине аймактык ооруканадан Бостери айылынан аты-жөнү белгисиз аял келип түшкөнү кабарланган.
Дарыгерлердин айтымында, бейтап учурда комада жатат.
Белгисиз аялдын белгилери: Жашы болжол менен 30-35 куракта, бою 160-165 сантиметр.
Кийген кийими: Кара-ак түстөгү жемпир, кара түстөгү юбка. Кимде-ким, белгисиз аялдын аты-жөнүн билсе же болбосо аны аныктоо боюнча маалыматтары болсо, райондук милиция төмөнкү номерлерге чалып коюуну өтүнөт.
Байланыш телефону: 03943 43 9 80, 0709 06 09 62.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:25
2025-08-04
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.