София шаарында метродо белгисиз киши аялга ок чыгарып, андан соң өз жанын кыйды
Болгариянын борбору София шаарындагы метродо ок атуу катталды. Анын кесепетинен бир адам каза болуп, дагы бири жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя "Аэропорт София" станциясында орун алган. Анда вагондордун биринен белгисиз киши аялга ок чыгарып, андан соң өзүн өлтүргөн.
"Учурда аялдын абалы өтө оор деп бааланууда. Ал эми окуя болгон жерде полиция кызматкерлери иш алып барышууда", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:25
2025-07-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.