super.kg logo

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Спутник V вакцинасын алды

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Бишкек шаардык №7 үй-бүлөлүк медицина борборунда коронавирустук инфекцияга каршы Спутник V вакцинасын алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал калкты коронавирус инфекциясына каршы вакцинациялоо процессинин маанилүүлүгүн белгиледи жана жарандарды вакцинациялоо процессине активдүү катышууга чакырды.

"Бүгүн мен COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын алдым. Бир аз убакыт өткөн соң экинчи акыркы дозаны алам. Учурдан пайдалануу менен биздин медициналык кызматкерлерге ыраазычылык билдирем. Учурда социалдык блоктогу иштин негизги артыкчылыктуу багыты катары өлкөнүн калкынын бардыгын, анын ичинде алыскы тоолуу райондордун тургундарын кошо тез арада вакцинациялоо болуп саналат. Вакцина бар, жаңы ташып келүүлөрдү уюштуруу үстүндө иш жүрүүдө. Биз вакцинанын жаңы партиясы өлкөгө тез арада келүүсү үстүндө иш алып баруудабыз. Жарандарды эмдөө пункттарына келип, вакцина алууга чакырам. Ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо жана ден соолукту чыңдоо маанилүү", - деди Жылдыз Бакашова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: