Жогорку Кеңештин төрагасы Казандагы окуучулардын трагедиялуу өлүмүнө байланыштуу көңүл айтты
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Орусиянын Федералдык жыйынынын федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володинге Казан шаарындагы гимназия окуучуларынын трагедиялуу өлүмүнө байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Балдардын трагедиялуу өлүмү тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Бул ар бир каза болгон баланын үй-бүлөсү үчүн чоң жоготуу.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан маркумдардын туугандарына жана жакындарына чын дилимден көңүл айтып, бардык жарадарлардын тез арада сакайып кетишин тилейм" - деп айтылат телеграммада.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:25
2025-08-04
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.