Шавкат Мирзийоев Орозо айт майрамынын алдында абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 100 адамга ырайым кылды
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Орозо айт майрамынын алдында абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 100 адамга ырайым кылуу буйругуна кол койду. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.
Андагы маалыматка ылайык, ырайым кылынгандардын ичинен 3 адам жаза мөөнөтүнөн толугу менен бошотулса, 43ү мөөнөтүнөн эрте бошотулат, 10 адамдын жазасы жеңилдетилди, дагы 44 адамдын мөөнөтү кыскартылды. Ырайым кылынгандардын ичинен 12 жаран чет мамлекеттердин жараны, 4 эркек жашы 60тан өткөндөр жана 6 аял бар. Мындан сырткары 52 адам тыюу салынган уюмдардын катышуучулары болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:45
2025-07-02
9:26
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.