super.kg logo

Садыр Жапаров Ооганстандын президентине Кабулдагы жана Логардагы теракттардын натыйжасында курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты

 

Президент Садыр Жапаров Ооганстандын президенти Мохаммад Ашраф Ганиге Кабул шаарындагы жана Логар провинциясындагы адам өмүрүн алган теракттардын натыйжасындагы курмандыктарга байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан Логар менен Кабулда болгон ырайымсыз жана адамгерчиликсиз террордук акттардын кесепетинен жабыр тарткандарга жана курман болгон адамдардын үй-бүлөсү менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана аза кайгысын тең бөлүшөм.

Биз бардык террордук көрүнүштөрдү кескин түрдө сынга алабыз жана адамзатка, тынчтыкка каршы кылмыштары үчүн жооптууларды чечкиндүү айыптайбыз.

Жабыркагандардын сакайып кетүүсүн жана ооган жергесинде тынчтык менен бакубатчылыктын орношун каалайбыз", - деп айтылат Садыр Жапаровдун көңүл айтуусунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: