"Эмгек" партиясы: "Биз таза үгүт иштерин жүргүздүк, шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылгандыгына карабастан, биздин шайлоочулар утулган жок"
Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылды. Мындай чечимди Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы кабыл алды.
Буга чейин аталган комиссия үч партияны шайлоодон четтеткен. Алар КЭДП, "Эмгек" жана "Ак-Бата" партиясы.
Шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыгарылышы боюнча "Эмгек" партиясы кайрылуу жасады.
"Биз таза үгүт иштерин жүргүздүк, шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылгандыгына карабастан, биздин шайлоочулар утулган жок.
Биринчи кезекте, биздин жарандарга ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сиз жүрөгүңүз менен добуш бердиңиз. Сиз жаратуу, иштөө жана өнүгүү үчүн добуш бердиңиз жана сиз жаңылган жоксуз. Биздин партиянын катарлары өз тармагындагы кесипкөй адистерди чогултуп, биздин команда ак ниет өнөктүк өткөрүштү. Шайлоочулар менен кылдаттык менен жүргүзүлгөн иштин жүрүшүндө биз өзүбүздүн идеяларыбыз, программабыз жана командабыз жөнүндө ачык сүйлөшүп, шайлоонун башка катышуучуларынан бизди түп-тамырынан айырмаладык. Бул бизге ийгилик алып келген нерсе.
Айрым оппоненттерибизден айырмаланып, биз эч кимди каралаган жокпуз, интригалар да болгон жок. Биз иштедик", - деп жазылат кайрылууда.
