super.kg logo

Президент Садыр Жапаров кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

 

Президент Садыр Жапаров кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу:

"Урматтуу мекендештер!

Урматтуу мусулман боордоштор!

Орозо айтыбыз маарек болсун!

Орозо айт — кайрымдуулуктун жана кубанычтын жышааны, элибиздин эзелтеден бери белгиленип келе жаткан салттуу майрамдарынын бири. Бул күнү элибиз салт катары бири-биринин үйүнө каттап, даам сызып, изги бата-тилектерин айтып келишет. Бүткүл ислам дүйнөсү бул күндү мээримдүүлүктүн, кечиримдүүлүктүн жана жаңылануунун белгиси катары тосуп алат.

Дүйнөдөгү түзүлгөн санитардык-эпидемиологиялык кырдаал элибиздин коопсуздугун камсыздоо үчүн бизди белгилүү чектөөлөргө кириптер кылды. Орозо айында элибиздин бул чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылгандыгы мамлекетибиздин келечегине болгон ишенимин бекемдейт. Бул жолку майрам дагы аргасыздыктан чектөөлөр шартында өтүүдө. Мамлекет коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө болгон күчүн үрөп жатат.

Мындан сырткары, ыйык Орозо айында өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч туудурган окуялар да болуп өттү.

Балким, мында Жараткандын бир жакшылыгы болсо керек, балким, бул ыймандын, бекемдиктин жана Кудайга болгон ишенимдин сыноосудур. Элибиздин айкөлдүгү, кайраттуулугу, кыраакылыгы, кайрымдуулугу, мекенчилдиги мындай кырдаалда тирек болуп берет деп терең ишенем.

Азыркы учурда биздин бардык үмүт, дуба-тилектерибиз ынтымак менен тынчтыктын болушуна багытталышы керек.

Жараткан ар бир үйгө ден соолук, тынчтык, токчулук жана бакубат жашоо ыроолосун.

Айтыңыздар маарек болсун!" - деп жазылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: