Орусиянын Волгоград шаарында жардырууда каза тапкандардын ичинде кыргызстандыктар жок

21-октябрь күнү Орусиянын Волгоград шаарында автобустагы жардыруудан 6 адам каза таап, 39 киши жаракат алды. Каза тапкандардын жана жаракат алгандардын ичинде кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди. Орусиялык басылмалардын маалыматы боюнча, жардыруу болгон ЛиАЗ автобусун текшерүү учурунда жардыргыч заттын калдыктары жана дагестандык жанкечти айым Наида Ахияловага тиешелүү паспорт табылган. Учурда Волгоград облусунда окуядан каза тапкан жарандарды эскерип, 3 күндүк аза күтүү күнү жарыяланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.