Чек арадагы турак үйлөрдүн курулушуна капсула салынды (сүрөт)




Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана президенттин чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Баткен облусундагы атайын өкүлү Мамыржан Рахимов Лейлек районунун Максат айылында жаңы турак үйлөрдүн курулушуна капсула салышты.
Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жетекчилер курулуш компаниясынын өкүлдөрүнө, курулуш иштерин ыкчам жана сапаттуу бүткөрүүнү тапшыруу менен, аймакта калыбына келтирүү, курулушту жүргүзүү жаатында уюштуруу иштерине жергиликтүү бийлик тарабынан бардык колдоолор көрсөтүлөрүн билдиришкен.
Болуп өткөн окуядан Максат айылында 89 үй, мектеп, бала бакча, ФАП, милициянын аймактык пункту, айыл башчынын имараты өрттөлүп, жараксыз абалга келген. Азыркы учурда айылда 50гө жакын чатыр убактылуу тигилген. Электр энергия калыбына келтирилип, таза суу, сугат суу берилип жатат.
Максат айылында 1200 эл, 288 кожолук жашайт. Айылда чек арадагы жаңжалда бир жаран каза болгон.
