super.kg logo

"Түндүк электр" үй-тиричилик муктаждыктары үчүн үч фазалуу киргизүүгө техникалык шарттарды берүүнү токтотту

 

"Түндүк электр" ишканасы үй-тиричилик муктаждыктары үчүн үч фазалуу киргизүүгө техникалык шарттарды берүүнү токтотту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, суу жана энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу үчүн, ошондой эле электр энергиясын керектөө чектерин сактоо үчүн өкмөт тарабынан белгиленген ушул жылдын 12-майынан 2022-жылдын 1-апрелине чейин "Түндүк электр" техникалык шарттарды кабыл алууну жана берүүнү токтото турат.

Алар: Үч фазалуу тиричилик керектөөчүлөрүнө туташтыруу үчүн;

- турак жай керектөөчүлөрү үчүн уруксат берилген кубаттуулукту жогорулатууга.

Мындай чаралар алдыдагы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн, ошондой эле калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн көрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: