super.kg logo
  Саясат  

Тайырбек Сарпашев: "Бишкектеги форум ак илбирсти сактоого багытталган ресурстарды тартууга мүмкүндүк берет"

 

КРнын  экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министри Тайыр Сарпашев 22-октябрда  борбор калаада ак илбирсти сактоо боюнча өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк форумда "Бишкектеги форум ак илбирсти сактоого багытталган каржы жана техникалык ресурстарды тартууга мүмкүндүк берет" деди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. 

Иш-чаранын ачылышындагы сөзүндө вице-премьер-министр форумдун максатына токтолуп, илбирсти сактоо үчүн коомчулуктун көңүлүн буруу керектигин кошумчалады. "Жаныбарды сактап калуу зарылдыгын эске алып, Кыргыз өкмөтү 10 жыл ичинде  илбирсти сактап калуу үчүн улуттук стратегияны иштеп чыкты. Стратегиянын талаптарына ылайык, аймактарда өнүгүү программалары да иштелип чыгат. Жакынкы жылдарда чек ара кызматташтыгынын негизинде жаратылыш  бактарын (природных парков) уюштуруу пландалууда",- деди Сарпашев.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: