Бир кылка тизилип... Өлкө аймагында айт намазы кандай шартта окулду? (фоторепортаж)
Быйыл эпидемиологиялык абалга байланыштуу Орозо айт намазы аянттарда окулбай, өлкө аймагындагы мечиттерде окулду. Намазга келгендердин баары санитардык эрежелерди так сакташканын байкоого болот. Өлкө аймагында айт намазы кандай өткөнүн сүрөттөрдөн көрүңүз.
Борбор калаадагы мечиттерде айт намазы 07:00дө башталды.
Ар жылы айт намазы эски аянтта окулуп келген. Быйыл коронавирус илдетинин жайылып кетүү коркунучуна байланыштуу шаардагы мечиттерде гана айт намазын окууга уруксат берилди. Ошондуктан айт майрамында жык-жыйма толгон борбордогу эски аянт бүгүн бош турду.
Ош шаарында майрамдык айт намазы борбордук Сулайман-Тоо мечитинде окулду.
Баткен шаарындагы борбордук мечитте саат 07:30да айт намазы окулуп, мекенге, жалпы журтка дуба кылынды.
Жалал-Абад шаарындагы мечиттерде Орозо айт намазы санитардык талаптарды сактоо менен окулду.
Талас шаарында жергиликтүү эл айт намазын мечиттерде окушту.
Нарын облусунда дагы башка аймактагылардай эле тургундар мечиттерде айт намазын окушту. Мындан сырткары эл-жерге тынчтык каалап бата кылышты.


1 |