super.kg logo

Польша мамлекети илимпоз Мария Кюринин үйүн миллион долларга сатып алууну пландап жатат

 

Илимпоз Мария Кюринин Франциядагы үйүн Польша мамлекети сатып алууну пландаштырууда. Легендарлуу химик аялдын мекени кыймылсыз мүлк үчүн дээрлик миллион доллар төлөөгө даяр. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, аталган өлкөнүн премьер-министри Матеуш Моравецкий өкмөткө 1890-жылы Париждин чет жакасындагы Сен-Реми-ле-Шеврез аймагында курулган үйдү сатып алууну тапшырган, ал жерде Польшада туулган Мария Склодовская-Кюри жана анын күйөөсү илимпоз Пьер Кюри 1904-жылдан баштап 1906-жылга чейин дем алыш күндөрүн өткөрүшчү.

Илимпоздордун таш жана кыштан курулган аянты 120 миң чарчы метрден ашык сүйүктүү үйү 790 миң еврого (950 миң доллар) бааланган. Анда Кюри мезгилиндеги интерьердин айрым деталдары - камин, тамдар сакталып калган. Оңдоо иштеринин баасы алдын ала 200 миң еврого (240 миң доллар) бааланган.

1911-жылы Мария Кюри "Химияны өнүктүрүүдөгү көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн: радий жана полоний элементтерин ачкандыгы, радийди бөлүп алгандыгы жана бул укмуштуу элементтин табиятын жана бирикмелерин изилдегендиги үчүн" химия боюнча "Нобель" сыйлыгын алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: