Жалал-Абаддагы мечиттерде зомбулуктун алдын алуу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө




Жалал-Абад облусунун аймагында милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга зордук-зомбулук тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Ага ылайык, Сузак РИИБинин кызматкерлери “Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жана кыз ала качууга жол жок” аттуу ураандын астында зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында мечиттерде кечки намаздан кийин баарлашууларды өткөрүшүүдө.
"Кечки намазга келген тургундарга имамдар, аксакалдар сотунун төрагасы жана жаштар комитеттери менен биргеликте райондун аймагында катталып жаткан зордук-зомбулук окуялары боюнча маалыматтар берилип, алдын алуу жана болтурбоо сунуштары айтылды.
Сунуштар боюнча райондун аймагында аракечтикке берилген, мурда соттолгон жарандар коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү аркылуу жеке көзөмөлгө алынып, профилактикалык иш-чаралар улантылып жатат. Ошону менен катар өспүрүмдөрдүн коомдук жайда, көчөдө топтошуп алып жүрүүсү боюнча да маселелер каралып, айыл аксакалдарына жана алардын ата-энелеринин жоопкерчиликти күчөтүү жагы эскертилди", - деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан.
