Кыргыз-Өзбек чек арасындагы чыр: Чатакташкан Кыргыз жараны менен Өзбек жараны элдешкени кабарланды

Баткен району менен Өзбекстан Республикасынын чек арасында топтолгон жарандар тарады. Баткен районунун Кыштут айыл аймагынын Сай айылы менен Өзбекстан Республикасынын Сох районунун Чашма айылынын жашоочусунун ортосунда чыккан чатакка байланыштуу аймакка күч түзүмдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барып, элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Эки тараптан топтолгон эл тараганын Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Натыйжада чатакташкан Кыргыз жараны менен Өзбек жараны элдешкен.
"Баткен району менен Сох районунун чек ара жана ички иштер кызматкерлери жеринде териштирүү ишин башташты. Баткен району менен Өзбекстандын чектеш аймагында абал туруктуу", - деди маалымат катчы.
Белгилей кетсек бүгүн, 13-майда Баткен районунун Кыштут айыл аймагынын Сай айылы менен Өзбекстан Республикасынын Сох районунун Чашма айылынын жашоочусунун ортосунда, турмуш тиричиликке байланыштуу пикир келишпестик жаралып, мушташа кетишип, чек арага эки тараптан эл топтолгон болчу.
