super.kg logo

Жогорку Кеңештин төрагасы кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бир ай аралыгында көпчүлүк Кыргыз жарандары орозо тутуп, ишенимин бекемдөө аркылуу өлкөбүз үчүн тынчтыкты жана ынтымакты тилек кылышты. Жараткан кармаган орозоңуздарды кабыл кылып, бардык тилек-үмүттөрүңүздөргө жеткирсин!

Орозо айт – отуз күн туткан ыйык орозобуздун руханий тазаруу, боорукердик, кайрымдуулук сыяктуу ѳзгѳчѳ касиеттерин жалпыга жайылтат. Бул майрам мусулмандарды баш коштуруп, дилин бириктирип, боордоштук, бир туугандык байланыштарын чыңдайт, жалпы дүйнѳнү кайрымдуулукка үндөйт.

Жараткан ар бириңиздерге бакыт жана бакубатчылык тартуулап, мамлекетибизге биримдик жана ынтымак алып келсин! Кыргыз өлкөбүз өнүгүп, жергебизде тынчтык болсун", - деп жазылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: