super.kg logo

АКШда согуштун ардагерлерин өлүмгө жеткирген медайым өмүр бою эркинен ажыратылды

 

АКШнын Батыш Виржиния штатында согуштун ардагерлерин өлүмгө жеткиргендиги үчүн Рета Мэйс аттуу медайым өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, Кларксбург шаарындагы ооруканалардын биринде медайым 2017-жылдын июль айынан 2018-жылдын июнь айына чейин 81ден 96 жашка чейинки согуштун ардагерлерине инсулинди ашыкча доза менен сайып келген. Алар Экинчи дүйнөлүк согуштун (1939-1945) жана Корея согушунун (1950-1953) катышуучулары болгон.

Медайымга 7 ардагерди өлүмгө жеткирген жана дагы бир ардагерди өлтүрүүгө аракет кылган деген айып тагылды. Рета Мэйстин кесиптештеринин айтымында, ал 2017-жылдан тарта түнкү нөөмөттө иштөөгө суранып калган. Дал ошол убактан тарта ооруканада ардагерлердин табышмактуу өлүмү каттала баштаган. Текшерүүнүн натыйжасында белгилүү болгондой, инсулинди сактоо көзөмөлгө тыкыр алынган эмес, бул абалдан пайдаланган медайым аны ардагерлерге ашыкча доза менен сайып келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: