Улуу Британияда 29 эркек киши 13 жашар кызды 7 жыл бою туткунда кармап зордуктап келишкен
Улуу Британиянын Батыш Йоркшир аймагында 29 эркек кишиден турган топ 7 жыл бою 13 жашар кызды туткунда кармап, зордуктап келишкен. Мындай үрөй учурган маалымат чет элдик басылмаларда жазылды.
Маалыматка караганда, кылмыштуу топ 2003-жылы 13 жашар кызды уурдап кетишкен, 2010-жылга чейин кызды туткунда кармап, 7 жыл бою зордуктап келишкен.
2018-жылдын октябрь айында 20 эркек киши жашы жете элек кыздарды зордуктагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган, дагы 8 шектүү кылмыштын курамы жок деген жүйө менен бошотулган. Бул соттук иш дагы деле тергелип бүтө элек. Аларга карата соттук отурум Брэдфорд сотунда 7-9-июлда болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:21
2025-07-02

Рейтинг:
-4

Мен эч кимге мындай каалабайм,аялзатын сыйлашы керек.Бирок кыргыз жигиттери гана ушундай деп,митингге чыккандар билип коюшса болот эле.