Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдоган эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери тууралуу талкуулашты
Бүгүн, 13-майда президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында буга чейин жетишилген келишимдердин ишке ашырылышы талкууланды.
Мамлекет башчылары жалпы мусулмандардын ыйык майрамы болгон Орозо айт менен бири-бирин куттуктап, Кыргыз өлкөсү менен Түркия элдерине гүлдөп-өнүгүүнү жана тынчтыкты каалашты.
Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоганга моралдык жана гуманитардык колдоо көрсөткөндүгү үчүн жана мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон акыркы окуяларда жабыр тарткан Баткен облусун калыбына келтирүүгө көмөктөшүүгө даярдыгын билдиргени үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Өз кезегинде Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз мамлекети менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылышууда каза болгон жарандар тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алгандыгын белгилеп, боордош Түркия элинин атынан алардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтты.
Тараптар эки өлкө ортосундагы өз ара кызматташууну мындан ары арттыруу боюнча биргелешкен пландарды белгилешти.



1 |