ИИМ: "Кыргыз-Өзбек чек арасында абал туруктуу жана милициянын толук көзөмөлүндө"
Кыргыз-Өзбек чек арасында абал туруктуу жана милициянын толук көзөмөлүндө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 13-май күнү саат 11:20 чамасында Баткен районунун Сай айылы менен чектешкен Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун Сох анклавынын тургундарынын малдары эки өлкөнүн чектешкен аймагынан өтүп кеткендиктен, Баткен районунун Сай айылынын 50 жаштагы тургуну малдын ээлерине малдарын алып кетишин айтканда, Сох анклавынын 5-6 тургуну топтолуп келип, 5 Кыргыз жаранын уруп, денелерине жаракат келтиришкен. Бул окуядан соң жергиликтүү 50-60 тургун аталган жерге чогулушкан. Бул окуя боюнча эки өлкөнүн күч түзүмдөрү, жергиликтүү милиция жетекчилери жолугушуп сүйлөшкөн. Жыйынтыгында өзбек тараптын жетекчилери кечирим сурап, элдешүүнү суранышкан.
Аталган окуя Баткен РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 66-беренеси ("ден соолукка зыян келтирүү") менен катталып, тергөө иштери жүрө баштады. Ал эми денесинен жаракат алган жарандарга соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
Аталган окуя боюнча Сай жана Бирлик айыл аймагынын тургундары Кадамжай районундагы Айдаркен шаардык борбордук аянтына саат 15:00дө чогулушуп, нааразычылыктарын билдиришкен.
Айдаркен шаардык маданият үйүнө Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким Кутпидин Шакиров, Кадамжай РИИБинин начальниги, милициянын полковниги Орунбай Кочкоров, Баткен РИИБинин начальниги, милициянын полковниги Алмазбек Шагамурзаев жана 2023 Айдаркен шаарындагы чек ара отрядынын командирлери болгон окуя боюнча чогулган тургундарга маалымат беришти.
Жарандар тарабынан чек араны тактоо талаптары коюлуп, саат 17:30 чамасында чогулган эл тарап кетти.
