super.kg logo

Казандагы 9 адамдын өлүмү: Кылмышкер окуучуларды кандай мылтык менен аткан? (жаңы жагдайлар)

 

Татарстандын Казань шаарындагы мектепте 9 адамды атып өлтүргөн Ильназ Галявиев мындан үч ай мурун, тагыраагы, 16-февралда мергенчилик билетин алып, эки айдан кийин Түркияда жасалган Hatsan Escort жылмакай снаряд мылтыгын өзүнө каттаткан. Бул тууралуу орус басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, Галявиев мектепке 11-май күнү саат 09:30да келген. Ал алгач эле англис тили сабагы өтүлө турчу бөлмөнү жардырган. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган эмес. Андан кийин мылтык менен алдынан чыккан окуучу, мугалимдерди аткылай баштаган. Ал окторду чөнтөгүнө, сумкасына салып келген. Октоп жаткан учурда окуучулар жашынууга үлгүрүшкөн.

Ал үчүнчү кабатка чыгып, 8-класс окуган класска кирип аткылоосун уланткан. Ушул маалда мектеп күзөтчүлөрү ага коопсуздук күчтөрү келгендигин эскерткен. Ал терезеден коопсуздук күчтөрү келгенин көрүп, мылтыгын таштап өзү чыккан жана аларга эч кандай каршылык көрсөткөн эмес.

11-май күнү Казандагы №175 мектептин мурунку окуучусу билим берүү мекемесине ок чыгарган. Анын кесепетинен тогуз адам каза болуп, 21 адам жаракат алганы белгилүү болду. Атышууну уюштурган эки жигит кармалып, кылмыш иши козголду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
14.05.2021. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Каап эртерээк жолукканын да,бизде 120 каман бар эле да.бекер эле атып кетет элең.кобу эркек бир азы ургачы болчу
14.05.2021. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне себептен кылган мындай жорукту.?
14.05.2021. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aselya_9105,компьютерде коп атышуу оюндарын ойногон бала экенда
14.05.2021. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Балдарынарга ПАБЖны ойнотпогула. Ошол оюндун кесепети
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: